СҮЙҮН ОТКЕЕВ

"Экономика, медицина тармагында дүйнөнү таң калтырыш кыйын, бирок мен дайыма ишенем, спорт жана кино тармагында жакшы ийгилик жарата алабыз"

“Vizitka kg” журналынын бул чыгарылышында коногубуз – атактуу режиссер жана продюсер Сүйүн Откеев. Кыргызстандын эң ийгиликтүү 5 продюсерлердин катарына кирсе да, биздин өлкөдөгү фантастика жанрында алгачкы тасманы тартса да, кыргыз кинематографиясын жаңы деңгээлге чыгарып, көп салымын кошсо да, жөнөкөй кыялы менен айырмаланган Сүйүн Откеев журналыбыз менен болгон маекке профессионалдуу түрдө көңүл бөлүп, өз чыгармачылыгы, турмушу боюнча кенен айтып берди. 

16 September 2020
Из мира финансов
СҮЙҮН ОТКЕЕВ | Vizitka

Саламатсызбы Сүйүн мырза. Алгач өзүнүз жөнүндө айтып берсеңиз, режиссёрдук кесипке кандай келип калдыңыз эле? 
Кесибим боюнча режиссёр-продюсермин. 10 жылдан бери Бишкекте ишмердүүлүк жүргүзүп келем. Ал эми кесип тандоодо, айрымдар сыяктуу кичинекей кезимден режиссёр болом деп кыялданган деле эмесмин. Кийинчерээк, кокустан эле келип калдым десем да болот. Ал кезде Германияда математика-физика багытында 3 курста окуйт болчумун. Тааныштарым конференция уюштуруп, аны тартканга эч ким жок, мени чакырып калышты. «Ай мен тушүнбөйм» десем мындай эле деп өздөрү коюп беришти, тартымыш болдум.  Анан ал бүткөндөн кийин монтаждап бер дешти, айтоор ошентип конференция тартып жүрүп эле кызыгып баштадым. Бир жыл иштегенден кийин бул кесип мага жагат экендигин түшүндүм да окуп жаткан окууму токтотуп, кайра башынан «Медиа продакшн» деген болүмгө тапшырдым. 

Кесибиңиз режиссёр болгон менен, кыргыз киносунда бир эле учурда сценарист, постановщик, оператор дегеле баардык жумушту аткаруу талап кылынат эмеспи, сиз кайсы иштерди аткарып келесиз? 
Албетте баарын аткарам десең жетишпейсиң, бирок ар бир жогоруда айткан багыттар боюнча түшүнүгүм бар. Өзүм да тартып жүргөн учүн кандай тартыш керек экендигин, ракурс, план, камераны ыктоо (настройка) сыяктууларды билем. Анан окуган жерим «медиа продакшн» болгондуктан үстүртөн баарын үйрөткөн. Мага видео жасоо көбүрөөк жаккандыктан режиссёр-продюссерликти тандап алганмын. Кызыгы бүтөөр жылы Кыргызстанга иштер менен келип, кайра кете албай калгандыктан диплом албай калганмын.  

Тасманын сценарийин өзүңүз эле жазасызбы же атайын профессионал адисттерди жалдап жаздырасызбы? 
Бизде (Кыргызстанда) профессионал сценаристтер аябай эле аз, көпчүлүгү үйрөнчүктөр. Режиссёрлор кино тартаардан мурун көбүрөөк убактысын сценарий менен өткөрөт. Жазып, талкуулап, тартып көрүп, кемчиликтерин түздөйт.  Ал эми идеялар элден келет. Өзүбүз да изденип, окуп, башкалар менен талкуулап байытып олтуруп идея бышат. Мен көбүнчө өзүм жазбайм, бизде атайын группа бар чогуу жазабыз. Атайын сценарий жаза турган программалар менен иштейбиз. 

Билишимче 10дон ашуун кино тарткансыз, баардыгынын идеясы сизге таандыкпы же…? 
Бизге идеялар ар жактан келет: элден келет, изилдейбиз, окуйбуз, издейбиз – анан ушул идеяларды талкуулап, байытып отуруп, ар кимдин оюн угуп, акыры, идеяны бышыргандан кийин гана сценарий жазып баштайбыз. Бул процесс башынан акырына чейин менин карамагымда жана менин салымым баарында бар деп эсептейм.

Белгилүү режиссёрлордун тасмаларында өзүнө гана таандык болгон энтамгасы же өзгөчө белгиси болот экен. Сиздин тасмаларды бири-бирине байланыштырган кандай идея бар? 
Менде андай нерсе жок, ойлогон деле эмес экенмин. Биз үчүн эң негизги өзгөчөлүгүбүздүн критерии бул  ар бир тасманын өзүнчө кызыктуу болуусу. Дагы бир өзгөчө белгибиз, тасмаларыбыз менен кандай жанрда болсо да өз оюбузду, билген чындыгыбызды бөлүшкөнгө аракет кылабыз. Тасмаларыбыз бири-бирине байланышкан идея азырынча жок, балким мындан кийин, байланыштырган идеяны колдонуп көрөрбүз бирок. 

Тарткан тасмаларыңыздын арасынан өзүңүзгө өзгөчө жаккан жана озгөчө таасир калтырганы барбы?
Бул эми, көп баласы бар атадан «Кайсы балаңы көбүрөөк жакшы көрөсүң?» - деп сурагандай эле. Ар бир тасманын артында аябай чоң эмгек бар, канчалаган адамдардын убактысы кеткен. Ал тасма элге жакса, жакпаса да жашообузда өз орду бар. Мисалы «Мегатой» элге көбүрөөк сиңди, азыркыга чейин кайрылуулар болуп турат. Ал эми эсте калган учурлар десек, акыркы тартылган “Жетикс” тасмасын айтам. Фантастика жанрында өзүбүздү сынап көрдүк, ошол бир аз кыйын болду. Жаңы жанр, кесипкөй адистер бизде жок, мен үчүн оор болду. 

Чындыгында фантастика жанрында Борбордук Азияда алгачкылардан болуп тарттыңыз, жакынкы коңшу өлкөлөрдө андай тасма тартыла элек. Бирок эл тарабынан ар кандай оң жана терс пикирлер айтылды. Ага сиздин жообуңуз кандай? 
Биздин киночулардын эң эле бактысыз жагы, көрүүчүлөр Голливуддун тасмаларына салыштырып баа берет. Ал жактагы кинонун бюджети менен кыргыз киносунун каражаттын салыштырып болбойт да.  Кээ бир кемчиликтерди өзүбүз деле билебиз,  “Мына бул жер окшошпой калды, мындай болсо жакшы болмок” -деп.  Болгону мүмкүнчүлүк жок, каражат жок, кесипкөй адис жок. Кинону түшүнгөн, фантастика жанры оор экенин билген эксперттер жакшы пикирлерин айтып колдошту. Айрыкча мектеп окуучулары, сүйүп көрүштү десем жаңылышпайм. Биз үчүн ошол маанилүү, жаш балдарга арналган тасма өз максатына жетти.  Жаш балдар бири-бирине “дөңгөч, шамал”  деп каармандардын аттарын коюп жүрүштү. Көп нерселерди үйрөнүп калдык, буюрса кийинки жылдан  “Жетиск 2, 3” деп улантып тартабыз.

Сиздин оюңузча, азыркы же мурдагы кыргыз кинолорунун арасынан кайсынысы, эгер жакшылап жарнама кыла турган болсо, дүйнөлүк аренага чыга алат?  
Эгер андай кино бар болсо, чыкмак, дүйнө жүзүн багындырып келмек да. Бирок, Канн же Венеция, Оскарда болбосо дагы ал жактан гран-прини алган тасма бир эле Кыргызстанда эмес, азырынча Орто Азияда жок. Бул бир жагынан өкүнүчтүү, бир жагынан жакшы. Себеби дегенде жаш режиссёрлорго гран-прини алышыбыз керек  деген мотивацияны берип турат. Бизде эң өкүнүчтүүсү каражаттын аздыгы анан жакшы сценаристтердин жоктугу. Жаштар арасында таланттуулар көп, буюрса бул маселе деле чечилет. Экономика, медицина тармагында дүйнөнү таң калтырыш кыйын, бирок мен дайыма  ишенем, спорт жана кино тармагында жакшы ийгилик жарата алабыз. Болгону бир аз гана колдоо болсо, дүйнөнү дүйнөнү дүңгүрөтүү оңой эле.

Тасма талаасында демократсызбы же тирансызбы? 
Демократмын десем болот. Тасма талаасында эле эмес, жашоодо да адамды агып-силкүү менин мүнөзүмө туура келбейт. Актёрлор аткара албай жатса да, “Ой сен мыктысың, олуңдан келет”-деп алдап-соолап ишти алдыга жылдырабыз. Тиран болгон режиссёр досторум да бар, аябай катуу кармайт.  

Сиздин оюңузча Кыргызстандын кино маданиятына кандай салым кошо алдыңыз? 
Эми... чынын айтайын мен бир нерсени кыйраттым деп айткан туура эмес болуп калат.  Адам үйрөнгөн сайын дагы үйрөнүшү керек болгон нерсе көп экенин тааныйт.  Мен үйрөнүп эле келе жатам, бир нерсе үйрөнүп калсам бөлүшөм. Дайыма шакирт тарбиялоого аракет кылам.  Аларга бир нерсе үйрөтуп жатып, өзүм да үйрөнөм. Мен үчүн эң чоң сыймык, тарткан тасмаларым телеканалдардан кайра-кайра берилип жатса мени ошол кубандырат.  Тасмаларды эл үчүн тартам, эл кызыгып, каналдар коюп атса максатына жеткен болот. Албетте,  бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнөнү дүңгүрөтүш керек деген менде деле ой бар. Фестивальдарга ылайыктуу, чет өлкөлүк долбоорлорду тартышым керек деп пландап жатам. Алдыдагы 10 жылда тарыхий тасмаларды тартабыз.  Буюрса кийинки жылдан башталат, азырынча атын айтпай эле турайын. 

Сиз бир гана тасма тартуудан сырткары “Этно медиа” деген ютуб каналдын негиздөөчүсү катары да белгилүүсүз. Ушул багыттагы пландарыңыз, ойлоруңуз менен да бөлүшө кетсеңиз.
2017-жылы кино тармагында пираттардан автордук укукту коргойлу деп, ютуб канал ачканбыз. Кыргыз тасмаларынын көбү расмий түрдө биздин каналдан чыгат. Андан сырткары телеканалдар тасмаларды уруксаты жок эле коюп келишчүү. Азыр уруксат алып анан коюшат. Менин эң чоң максаттарымын бири “Этно мэдианы” онлайн кинотеатрга айландыруу болчу. Кудай буюрса быйыл ошол ниетибиз ишке ашканы турат. Азыр биз менен 50дөн ашуун кинокомпаниялар иштейт. Буюрса ошонун баарын бир аянтчага чогултуп, чоң Киноакадемия түзөбүз. Ошол жерден жаш таланттарды окутуп, мамлекеттен каражат күтүп олтурбастан өзүн-өзү каржылоону жолго коёбуз. 

Маегиңизге чоң рахмат! Максаттарыңыздын ишке ашуусуна тилектешпиз!

По вопросам сотрудничества:
What'sApp: +996701204000
Instagram: vizitka_kg
facebook: vizitka_kg

ТВОЯ ВИЗИТКА В МИРЕ БИЗНЕСА!