“Келин той деп аталган үйлөнүү үлпөтүнөн кийин күйөө баланын айылына туугандары менен айылдаштары “келин көрүү” аземине келишкен. Буга аялдар менен балдар гана келишип, эркектерди жакындатышкан эмес. Кабыл алынган үрп-адатка ылайык, аялдар келин көргөндүгү үчүн жоолук белек кылышкан, келин да өз кезегинде аларга жүгүнүү менен жооп берип, мунусу менен аларды сыйлаарын жана ден соолүк кааларын көрсөткөн. Аялдар келинге “кудай жалгасын”, “тийгениң менен кошо кары” деген тилектерин айтышкан. Эгерде келиндин көшөгөсүнө балдар баш бакчу болсо, келин аларга себи менен келген, атайын балдарга арналган колго сайылган жүзаарчыларынан берген. “Көшөгөгө” кирген күйөөсүнүн карындаштарына (келин үчүн – кайын сиңдилери), келин шакектери менен билектеринен белек кылган. Мунун маңызы – келин жеңе катары күйөөсүнүн жакын аял туугандарына кийин алар ага бардык жактан жардам бериши үчүн кооздуктарынан белек кылган. Мисалы, эгерде келин күйөөсүнө кайсы бир буюмду же сөздү жеткириши керек болсо, мындай ишке кайын сиңдилерин жүмшай алган.
Андан кийин келиндин себинин ичинде болгон “сандык ачты”, “кап ачты” ырым-жырымдары жасалган. Бул үчүн келиндин туугандары атайын сандык даярдап, анын ичин койдун эти, нандар, таттуулар жана күйөөнүн туугандары менен айылдаштарына арналган атайын майда буюмдарга толтурушкан. Атайын майда буюмдарга сайылган жүзаарчылар, мончоктор, жоолуктар, кездеменин кесиндилери ж.б. нерселер кирген. Бүл ырым-жырымды өткөрүү үчүн күйөө баланын уруусунан улгайган, кадыр-барктуу байбичени чакырышкан, ал анын чоң энеси же жакын тууганы болушу мүмкүн болгон. Салт боюнча сандыкты ачкан байбичеге келиндин себинен атайын “көрпө” тартуулашкан. Улуулар жаштарга бакыт каалоо менен эт, таттуулардан ооз тийишип, а балдар аларга арналган белектерди алышкан. Бул ырым-жырым келиндин кандай үй-бүлөдөн экендигин билүү үчүн атайын кошуналар үчүн өткөрүлгөн. Андыктан келиндин сандыгы мүмкүн болушунча мол жана кеңири толтүрүлган. Эгерде сандыктын ичи толо болсо, келинди “кол-аяктуу жерден экен” деп макташкан.
Арадан белгилүү убакыт өткөндөн кийин “жүк жыйды” деп аталган ырым-жырымды өткөрүшкөн. Анда келиндин себи менен келген жууркан-төшөктөрүн жыйышкан. Келиндин себин күйөөнүн үйүнө алып келгенден кийин анын жууркан-төшөктөрүн күйөөнүн жеңелери жыйнашкан. Жыйып бүтүшкөндөн кийин алар келиндин себинен бир же эки жууркан алышкан. Бул азем келин үчүн тарбиялык мааниси бар болгон. Анын маңызы, келиндер дагы кыздарын турмушка ийгиликтүү узатып алсын дегенде болгон.
Ырым-жырымдардын баары бүткөндөн же арадан үч-төрт күн өткөндөн кийин жаңы келинге башка келиндер келишип, “чөмүч карматты” же “капкир карматты” ырымын жасашкан. Келин үйдөгү башка келиндерден ашканага расмий чакыруу алып, күйөө баланын үйүндөгү келиндер ага тамак жасоодо жардам беришкен. Жана анын колуна капкир карматышкан. Бул мындан ары жаш келинчек ашканадагы жана үйдөгү бардык иштер менен алек болууга жана дайым жумуш жасоого тийиш дегенди билдирген. Өзүнүн чыйрактыгын жана чарбачылдыгын далилдеш үчүн жаш келин таң ата электе туруп, короону шыпырган.
Кийинки ырым-жырым “күйөө баланы жүгүнтүү” деп аталып, күйөө бала келинге тарбия беришкени үчүн катышуучулардын алдында ийилип таазим кылган. Андан кийин жеңеси, “кайнатасы жамынсын”, кайненеси жамынсын” деген сөздөрдү айтуу менен келиндин себинен ата-энеге жууркан белек кылган. Бул ырым-жырым келиндин күйөөсүнүн ата-энесине болгон сый-урматынын белгиси болгон.
Арадан бир аз үбакыт өтүп, келиндин ата-энеси жаш үй-бүлөнү мейманга чакырышкан. “Күйөө чакырды” ырым-жырымынын негизги максаты болүп туугандык байланыштарды бекемдөө жана кыз көрүп жүргөн жигитти күйөө бала даражасына көтөрүү болгон. Бул жаңы никелешкендердин колуктунун ата-энесине тойдон кийин жасаган алгачкы расмий баруусу болгон. Бүл ырым-жырымдан кийин күйөө балага карата тыюу салуулар токтотулган. Жаш үйлөнгөндөр менен кошо ата-энелер, күйөө баланын улуу агаларынын аялдары жана достору чакырылган.
Меймандар келишкенде аларды адептик-салттык даражаларына карата жайгаштырышкан, б.а. эркектер бир бөлмөдө, аялдар башка бөлмөдө отурушкан. Колукту менен күйөө бала үчүнчү бөлмөдө келиндин жашы кичүү туугандары менен отурушкан. Чогуу тамактанышкандан кийин белек берүү аземи болгон. Күйөө бала менен анын досторуна көйнөк, калпактар, жуучуларга сарпай берилген. Күйөө бала тараптан жуучулар колуктунун атасына “намаздык” (намаз окуу үчүн жайнамаз”), кайненеге – көйнөк, келиндин туугандарына – калпак, кездеме жыртыштарын, көйнөк, жоолүк ж.б. беришкен.
Баланын төрөлүшү менен жаш үйлөнгөндөр макамы (статүс) жоюлуп, мындан ары алар үй-бүлөнүн толук кандуу мүчөлөрүнө айланышкан. Алагчкы наристе туулгандан бир жылдан кем эмес убактан кийин анын атасынын туугандары жаш үй-бүлөнү баласы менен келиндин туугандарына көрсөтүш үчүн “төркүлөп” алпарып келүүгө милдеттүү болушкан. “Төркүлөө” бул – келиндин ата-энесинин үйүнө белек-бечкектер менен мейманчылап барып келүү болгон. Мындан ары жаш үй-бүлө өз алдынча жана жылдын кайсы мезгили болбосун, келиндин ата-энесине, анын башка туугандырыныкына барып келе алышкан.
“Сүт акысы” ырым-жырымын өткөрүү үчүн эркек тараптан жуучу түшүп баргандар келиндин апасына саан уй алып барышкан. Көп учурларда “сүт акысын” “келин той” учурунда беришкен. Кээде колуктуну тарбиялаган эмгеги үчүн анын атасына баштан аяк жабдылган жылкы тартуу кылышкан. Колуктунун ата-энесине “сарпай” кийгизишип, муну менен аларга урмат-сыйын билдиришкен. Үй ээлери меймандарды сыйлашып, алар кетээрде колуктунун ата-энеси аларга сөзсүз түрдө ар кандай мал түрүндөгү “энчи” беришкен, а жаш наристеге кулун-тай же козу белек кылышкан.
Үйлөнүү ырым-жырымынан кийин күйөө бала менен колуктунун ата-энесинин ортосунда бири-бирине мамиле кылуунун олуттуу эрежеси орнотүлган. Ата-энелер бири-бирине “куда жана кудагый” деп кайрылышкан.
Жаш үй-бүлөнүн жашап кетишинин сыноо мөөнөтү болүп алар өткөөл мезгилде турушкан бир жылдык мөөнөт саналган, бул убакта күйөө бала менен колуктунун ата-энесинин жардамы жана кеңеши алар үчүн абдан маанилүү болгон. Бул убакта жасалган ритуалдык ырым-жырымдар үйлөнүү тою менен байланышкан ырым-жырымдардын логикалык уландысы жана аякташы болгон.
Күйөөнүн жана анын туугандарынын үйүнө киргизүү ырым-жырымы “отко киргизүү” деп аталган. Колукту күйөөсүнүн айылына келгенден кийин, үйдүн коломтосүна жүгүнгөн. Бул ырым-жырым от менен тазалоонун белгиси болгон. Маалымат берүүчүлөрдүн айтуусунча, изилденип жаткан аймакта отко сыйынуунун көптөгөн буюмдары жана аларга байланыштүү ырым-жырымдар сакталып калган. Буга отко курмандык чалуу, күрмандыкка тамак даярдоо, ырым-жырым отторун үй-бүлөлүк-өникелик аземдерде, ата-бабалардын арбагына сыйынууда, ошондой эле жерге берүү-эскерүү ырым-жырымдарынан кезиктирүүгө болот.
Фергананын түштүк-батыш кыргыздарынын отко сыйынуу ырым-жырымдарынын бири болуп, нике аземиндеги отко курмандык чалуусун айтсак болот. Атап айтсак, “келинди отко киргизүүдө” күйөө баланын туугандары, адатта апасы келинди сары май менен оозантууга тийиш болгон. Колукту чыпалагы менен майдан алып, аны отко ыргытат, ушундайча кылуу менен ал отко курмандык чалат. Бул убакта күйөө баланын атасы келинге “малың майлүү, сүттүү болсүн” деген батасын берет.
Маалымат берүүчүлөрдүн айтуусунча, изилденген аймакта колуктуну күйөө баланын үйүнө узатып жатканда эки колун тоңгон май менен майлоо ырым-жырымы көп жайылтылган. Колукту үйүнөн чыгып жатканда, алаканы менен эшиктин сыртын сүргүлөгөн. Бүл ырым-жырым колукту күйөө баланын үйүнө ата-энесинин үйүндөгү байгерчиликти ала кетпесин дегенди билдирген.
Лейлек районунун өрөөндүү аймактарында тоңдурулган май менен колуктунун колдорун ал күйөөсүнүн ата-энесинин үйүндө биринчи ырым-жырым тамагын жасап жатканда гана майлашкан. Бирок, ал жактарда отко май ыргытуу курмандык чалуусу байкалган эмес.
Ушундайча болуп, от үй-бүлөнүн эң башкы сактоочусу болуп эсептелген, буга үй-бүлөлүк жалпылыктын материалдык белгиси болгон жаңы үйлөнгөндөрдү өздөрүнүн коломтосуна катыштыруучу “келинди отко киргизүү” ырым-жырымы күбө.
С.М.Абрамзон “чачыла” ырым-жырымын (күйөө бала менен колуктуга таттууларды чачуу) алардын байыркы диний ишенимдери менен байланыштырып, анын башатын үй-бүлө очогуна курмандык кылуу ырым-жырымына алып барат. “Чач” деген этиштен келип чыккан ырым-жырымдын аты эле алардын ички байланышын көрсөтүп турат.
Чүйлүк кыргыздардын арасындагы “чачыла” ырымы тууралуу А. Жүмагулов төмөнкүчө жазат – “колукту аттан түшкөндө ага үйдө байлык менен кененчилик болушу үчүн таттууларды чачышкан”.
“Келин той” деп аталган үйлөнүү тоюнан кийин арадан азыраак убакыт өтүп, күйөө баланын туугандары жаңы үйлөнгөндөрдү кезектешип, келинди өз үйлөрүнө аралаштырыш үчүн “отко киргизүүгө” же “отко чакырышкан”. Белгиленген салтка ылайык, келин өзү менен сөзсүз түрдө себи менен келген жууркандан күйөөсүнүн тугандары үчүн ала барган. Туугандардын үйүнө кире бериште келин үчүн атайын ак жибектен тигилген паяндос салышкан. Келин аны аттап өтүп баратып күйөөнүн туугандары менен жүгүнүп саламдашкан. Сый тамактан кийин келинге “паран оромол” деп аталган ак жоолук, күйөө балага ак калпак кийгизишкен. Ак түс тазалыкты, бактылуу жолду жана бакытты билдирген.
Нике кыюуу багында өкүл ата менен өкүл эне дайындалган. Түзөңдөгү райондорго салыштырмалуу түштүк-батыш Фергананын тоолуу аймактарында күйөө баланын туугандары өкүл аталыкка сыйлуу жакын туугандарынан коюшуп, алар кийин жергиликтүү элдин ишеними боюнча жаштар үчүн “экинчи ата” (а анын аялы – өкүл эне) болүшкан.
Өкүл ата жана өкүл эне менен жаштардын ортосунда кийин жакын туугандык мамилеге ээ тыгыз байланыш сакталган. Өкүл ата менен өкүл эне “нике кыюу” мусулмандык ырым-жырымына сөзсүз түрдө катышкан. Алардын милдети жаңы үйлөнгөндөргө үй-бүлөлүк мамилелерде, турмуштук татаал маселелерди чечүүдө, бала тарбиялоодо жана чарба жүргүзүүдө кеңеш берүү болгон.
Салтка ылайык, “келин тойдон” кийин алар сөзсүз түрдө жаңы үйлөнгөндөрдү үйүнө “отко чакырышкан”. Жаштар өкүл ата менен өкүл энеге арнап, келиндин себинен төшөк, оромол, калпак, көйнөк, кездемелерди ала келишкен.
Адаттагы сыйлашуудан кийин, жаштарга белектер берилип, сөзсүз түрдө “энчи” бөлүнгөн. “Энчинин” курамына майда мүйүздүү мал кирген. Андан ары алардын мамилеси достук-туугандык мүнөзгө өткөн.
Ушундайча болүп, түштүк-батыш Фергана кыргыздарынын үйлөнүү ырым-жырымдарында отко сыйынуунун ар кандай түрлөрү сакталып калган. XIX кылымдын экинчи жарымындагы кыргыздардын отко байланыштуу салттуу ритуалдык жана диний үрп-адаттары Ч. Валиханов, В.В. Радловдун эмгектери менен жазууларында да эскерилет.
Ч. Валиханов: “от, ай, жылдыздар, кыргыздардын сүйгөн нерселери. От эң жогоркү ыйыктык” деп белгилеген. В.В. Радлов: “каракыргыздар дээрлик отко сыйынуучулар... Мага алардын эркеги да, аялы да отко сыйынаарын айтышты” деген.
Кыргыздардын диний ишенимдери мурун синкретикалык (карама-каршы көз караштардын айкалышы) мүнөзгө ээ болгон. Анда ар түркүн диний көрүнүштөрдүн элементтери айкалышкан. Ислам менен катар кыргыздарда тамыры тээ байыркы замандарга такалган исламга чейинки ишенимдердин кээ бир саркындылары кеңири орүн алып, сакталып калган. Көп учурларда изилденип жаткан аймакта алар күнүмдүк турмушка жана аң-сезимге олуттуу таасирин тийгизген.
Үйлөнүү тоюнан кийинки жыйынтыктоочу үрп-адат болүп, келиндин жакын туугандары – ата-энеси, бир тууган ага-инилери, эже-сиңдилери, жеңелери жаңы үйлөнгөндөр жашап, бир чарба жүргүзүп жаткан күйөө баланын үйүнө “ата көрдүгө” келиши болгон.
Бул үрп-адаттын маңызы жаңы үйлөнгөндөрдүн ден соолугу, материалдык, экономикалык жана социалдык абалы тууралуу билүүдө жаткан. Келиндин туугандары колунан келишинче ар бири килем, кийиз, жууркан ж.б. нерселерди белек кылышкан. Келиндин ата-эенси жаштарга мал беришкен. Белектерди алган үй ээлери сый тамак уюштурушкан.
Мына ушундайча болүп, жыйынтыктоочу үйлөнүү ырым-жырымдары диний ишенимдер, жаңы үйлөнгөндөрдүн байгерчилигин камсыз кылууга багытталган ар түркүн магиялык аракеттер менен тыгыз байланышта болгон. Бул аракеттер ар бир конкреттүү учурда бири-биринен айырмаланып турушкан. Көп учурларда алар туугандашып жаткан тараптардын достугун бекемдөөчү символдук-магиялык каражаттын бир бөлүгү катары колдонулган. Диний көрүнүштөр менен байланышкан ырым-жырымдар, үрп-адаттардын ичинен отко чакыруу жана от менен тазалоо ырымы милдеттүү түрдө болгон. Бүл ырым-жырымдар “келинди отко чакырууда” гана эмес, ошондой эле “күйөө чакырды” ырымында да колдонулган. Алар жаңы үйлөнгөндөрдүн үй-бүлөсүн коргоо үчүн жасалган, себеби от таза жана ыйык деп саналган.
Осмонова Самара Курбаналиевна
Тарых илимдеринин кандидаты, доцент