Асман бизден башталат

Адам баласы жаралгандан баштап Кудайга таазим этип, көптөгөн суроолорго жооп издеп келген. ХХ кылымдын башына чейин, Адам аттуу зат асмандагы куштарга окшоп учууну ниет кылат. Дүйнөгө таанымал болгон атактуу авиациа тармагындагы окумуштуулардын, инженерлердин салымы менен ушул илгерки адам баласынын кыялы ишке ашты. Кыргыз жарандык авиациасынын тарыхы эбегейсиз бай жана абдан кызыктуу. Сиздер окуп жаткан баяндамада Кыргыз жарандык авиациасынын тарыхына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

02 July 2020
В кадре профессионал
Асман бизден башталат | Vizitka

Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи учакты финндик учуучу Теодор Суопио 1927 жылы отургузган. Ал бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын ооруканаларынын биринин ордунда жайгашкан аэродромго, «Ю-13» үлгүсүндөгү учак менен учуп келген.

1933 жыл. Кыргыз АССРинин эл комиссарлары Кеңешинин токтомун кабыл алуу менен, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын тарыхынын башталышы болуп эсептелинет. Биринчи аэродром Бишкек шаарынын жанындагы Папеновка айылында жайгашкан. Аэродромдун башчысы Ленинградтык жарандык авиация институттун бүтүрүүчүсү Н. К. Батов болуп дайындалган. Авиапарк айыл чарба багытында кана иштепкелсе, өз курамында « У-2» үлгүсүндөгү болгону кана үч учактан турган.

1933 жылы «Фрунзе» аэродромунан биринчи жолу «У-2» үлгүсүндөгү Николай Иеске башкарган учак учуп чыгат. Учактын өздук курамында учак командири Николай Иескежана авиатехник Евгений Балакшиден турган. Алар биринчи жолу Кыргыз тоолорунун кыркалары аркылуу жана бийиктиги 3500 метр болгон Фрунзе — Рыбачье — Пржевальск трассасынын ачылышы аркылуу учкан. Пишпек — Ташкент — Алма-Ата аба каттамы да ушул жылы өз ишин баштады.

1960 жылы баарына белгилуу болгон, легендардуу «Ан-24» учактары иштей баштайт. Кийинки жылдары Фрунзе, Ош шаарларынын аэропортторунун кызматтарынын көптөгөн объектилери тургузулуп, ички абакаттамдарынын бардык аэропортторунда аэровокзалдар кеңейтилди.

1994 жыл Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү 7 — октябрь деп белгиленген”.
1996 жылдын 28 декабрь куну Кыргыз Республикасынын транспорт жана байланыш Министрлигине караштуу аба транспорт жана аба мейкиндигин пайдалануу департаменти түзүлүүдө. 2016 жылы Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол Министрлигине караштуу жарандык авиация агенттиги деп аталып, өз ишин ийгиликтуу алып барууда. Албетте биздин баяндамада, Кыргыз жергесинде кызмат кылып келген аэропортордун кыскача тарыхына токтолуп кетпесек, толукболбой калуучудай сезилет. Анда эмесе, эң көп эл аралык каттамдарга бай «Манас» эл аралык аэропортунан баштасак.

1974 жылдын, октябрь айында «Манас» аэропорту биринчи «Ил-62» үлгүсүндөгүү учакты кабыл алат. Учакта жалгыз кана бир жүргүнчү (пассажир) болот. Ал жүргүнчү СССР Министрлер кеңешинин төрагасы А. Н.Косыгин болчу.

1975 жылдын 4 май күнүнөн баштап, Москва шаарынын Домодедово эл аралык аэропортуна биринчи жана бүгүнкү кунгө чейинки үзгүлтүксүз каттамдар жасала баштайт. 1981жылдын октябрь айында эски борбордук аэропортунун бардык функциялары Манас аэропортуна өткөрүлүп берилген. Ал эми Кыргыз Республикасынын түштүк борборунда жайгашкан «Ош» эл аралык аэропорту 1974 жылдан баштап толук функционалдуу аэропорт катары өз кызматын өтөп келет. «Ош» эл аралык аэропорту өтө чоң жана кызыктуу тарыхка ээ. Бирок жаны заманбап курулуштун жолуна бул аэропорт болгону кана, акыркы саналуу жылдардан бери туруп, абдан чоң ийгиликтерге жетишет. Мисалы «Ош» аэропорту жылына миллиондогон жүргүнчүлөрдү тейлеп, коопсуздугун ийгиликтуу камсыз кылып келүүдө. «Ош» эл аралык аэропортунун кененирээк тарыхы жөнүндө сизге Урматтуу окурман кийинки сапар толук жазып берүүнү ишендирип кетүүгө чечтим.
«Асманыныздар дайым ачык болсун!»- деп, терең урматтоо менен АВТОР.

По вопросам сотрудничества:
What'sApp: +996701204000
Instagram: vizitka_kg
facebook: vizitka_kg

ТВОЯ ВИЗИТКА В МИРЕ БИЗНЕСА!