«БАЛАНЫН ТАРБИЯСЫ ҮЙ-БҮЛӨДӨН БАШТАЛАТ»

Мугалим – кандай ардактуу сөз. Мугалим кылым карыткан кесип. Адамдардын жан дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат. Мугалим мөмөлүү дарак.

13 декабря 2019
В кадре профессионал
«БАЛАНЫН ТАРБИЯСЫ ҮЙ-БҮЛӨДӨН БАШТАЛАТ» | Vizitka

Бул айда бизге конок болуп, 34 жылдык тажрыйбасы бар мугалим энебиз, Кыргыз Республикасынын эл агартуу мыктысы, «Жыл мугалими–2014» сынагынын жеӊүүчүсү, жаркылдаган жар жана бактылуу эне Кулмаматова Гүлнара Назировна келип олтурат. 1986-жылы ОГПИнин физика-математика факультетин аяктап, ошол жылдан бери мугалимдик кесипте талыкпай үзүрлүү эмгектенип келе жаткан энебиз менен болгон маегибиз. 


Кесибиӊиз жөнүндө кеп кылсак. Мугалим кесибин кантип тандагансыз?


Менин кесибим – ыйык кесип деп эсептеймин. Себеби, тамга тааныбай, турмуш деген сөздү түшүнбөй келген жаш наристенин адам болуп, чоӊ турмушка аттанганга чейинки жашоосуна таасир берүүгө түздөн түз катышып, уядан учурууга көмөк көрсөтүп жаткандыгыма сыймыктанамын. Эгерде жашоону жаӊыдан баштоо мүмкүнчүлүгү болсо деле, ойлонбой туруп дагы эле мугалимдик кесипти тандамакмын. Өмүрүмдү балдар үчүн арнап өткөнүмө эч качан өкүнбөйм.


Сиз үчүн идеалдуу окуучу – бул ким?


Балдардын баары идеалдуу окуучу. Болгону гана жөндөмдүүлүктөрү, сезимдери жана социалдык абалы ар кандай. Ушул өзгөчөлүктөрүн туура байкап жол көрсөтсөӊ, ар бир окуучу идеалдуу болот.


Бүгүнкү коомдогу ата-энелерге эмне деп айтаар элеӊиз?


Балдарга тарбия берүүдө, азыркы коомдо кээ бир ата-энелер өз милдеттерин так аткарбаган учурлар кездешет. Ушундай ата-энелерге - «мугалимди сындоодон мурда, окуучулардын жана ата-энелердин милдеттерин так жана тереӊ изилдеп, аныктап алуусу зарыл» деп айтаар элем. Мугалим бир сааттын ичинде, эӊ негизгиси, билим берет, андан кийин тарбиянын кээ бир элементтерин берүүгө жетишет. Тарбияны бала үй-бүлөдөн жана коомдон алат. Баланын тарбиясы үй-бүлөдөн башталат.
Атаны көрүп уул өсөт, энесин көрүп кыз өсөт. Бала – бул «үй-бүлө» аттуу кичинекей мамлекеттин күзгүсү. Көбүнчө бала үй-бүлөдөгү психологиялык, моралдык атмосфераны чагылдырат. Баланын тарбиясы, коомдогу өзгөрүүлөргө өтө таасирдүү.


Коомдун өзгөрүүсү балага таасири тиеби?


Коомдун өнүгүүсү, коомдогу жакшы окуялардын болушу, жаш муунубуздун келечеги үчүн өтө чоӊ салым кошот. Мамлекетибиздин келечеги биздин урпактарыбыздын аӊ-сезимин, маданиятынын, билим дэӊгээлинин жогору болушуна көз каранды.


Жаш муунга кеӊешиӊиз?


Жаш муунга айтаар элем - «Адам болуунун эӊ баалуулугу: билим, адамдык сапат, мекенчилдик». Адам канчалык билимдүү, тарбиялуу, маданияттуу болсо, ал адам ошончолук жөнөкөй болот.
Сиз баалаган сапат?
Мен баалаган сапат: жөнөкөйлүк. Мен жактырбаган сапат: текебердик.

Хобби
Убакытты туура пайдаланганды жактырам. Ыр жазам, тигем, көбүнчө токуйм, ар дайым жиптеримди жанымда алып жүрөм. Хоббиме, үй кожоюнубуздун ыраазычылыгын алып, жакшы даамдуу тамактарды жасап берүү да кирет. Келин менен кайын эненин зубаласы бир демекчи, келиндерим менен биргеликте чакан өнөрчүлүк бизнесибиз бар, хоббимди жумушка айландырдык -  by_kulmamatovs аттуу инстаграм дүкөнүбүз бар. Ырларымдан да окуп берейин…
Балама 
Ишенген үйдүн пири, тиреги бол, 
Жаркылдаган жарыӊдын жүрөгү бол.
Улуу бол, акылман бол журт сыйлаган, 
Эӊ ыйык ата-энеӊдин тилеги бол.

Келиниме
Келин бала, үйүӊдү таза карма,
Аруулук жүрөгүӊдө болсун алда.
Кайын журтуӊ сенин болоор тирегиӊ,
Күйүмдүү бол, кудай кошкон асыл жарга.

Жаштарга насаат
Баасын бил бир берилген өмүрдүн,
Таза сактап аруулугун көӊүлдүн.
Адам болуп өтүү керек дүйнөдөн,
Ыйман, ырыс ээси болсун төрүӊдүн.

Жетишкендиктериниз…
Кылган эмгегими эл бааласын. Мектептин өнүгүүсүнө, ушул күнгө чейин салымымы кошуп келемин, райондордон келген мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу сабактарын өткөзүп турамын. , Математика сабагынан «Инновациондук ыкмалар» темасында, автордук окуу программаларды жаратканмын. Ош шаарына караштуу №16 «Кыргызстандын 40 жылдыгы» орто мектебинин тарыхында биринчи болуп, «Жыл мугалиминин жеӊүүчүсү» болгонмун. 2018 жылы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан грамотага ээ болуп, «Эл агартуу мыктысы» төш белгиси алмганмын. 
Ушул жогорудагы бардык жетишкендиктеримдин себеби жолдошум – Кулмаматов Канатбек Токторбаевичтин дем күч берип, колдоо көрсөтүп келе жаткандыгында. Эӊ негизги жетишкендигим, жолдошум экөөбүздүн 34-жылдык турмуш жолубуздагы – биздин балдарыбыз!

По вопросам сотрудничества:
What'sApp: +996701204000
Instagram: vizitka_kg
facebook: vizitka_kg

ТВОЯ ВИЗИТКА В МИРЕ БИЗНЕСА!