“ИННОВАЦИЯГА СТАРТ-АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ” ири бизнес-жарманке

“ИННОВАЦИЯГА СТАРТ-АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ” ири бизнес-жарманке 300 дөн ашык ишкердин башын бириктирди

01 марта 2023
Мероприятие
“ИННОВАЦИЯГА СТАРТ-АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ” ири бизнес-жарманке | Vizitka

2023-жылдын 24-январында  ишкерлер үчүн “Инновациялык старт –ачык эшиктер күнү”  аттуу бизнес-жарманке өттү. Иш-чара Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) колдоосу менен JIA Бизнес-Ассоциациясы жана Бизнес Консультанттар клубу тарабынан уюштурулуп ага Ош, Баткен облусунан 300дөн ашуун ишкер катышты.

Бизнес-жарманкеде консалтингдик компаниялардын, коммерциялык банктардын,  эл аралык уюмдардын жана  мамлекеттик органдардын ишкерлерге сунган кызматтары көрсөтүлдү. Ошондой эле бизнес-консультанттардын, коммерциялык банктардын мамлекеттик органдардын адистеринин, кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө катышкан эл аралык уюмдардын жана ЕБРРдин  консультациялык программасынан өткөн ишкерлер маалыматтары менен бөлүштү.

“ИННОВАЦИЯГА СТАРТ-АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ” бизнес-жарманкеси төмөнкү максатта өткөрүлдү:

  • Кыргызстандын түштүгүндөгү ишкерлер үчүн рынок мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алуу үчүн аянтча түзүү,
  • Кыргызстандын түштүгүндөгү ишкерлер үчүн инновациялык чечимдерди сунуштоо,
  • Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн рыноктун бардык катышуучуларына  жандуу атмосфераны түзүү,
  • Кыргызстандын түштүгүндөгү ишкерлердин инвестициялар, консультациялар, гранттар жана мамлекеттик кызматтар боюнча маалыматка жетүүсүн камсыздоо

Фотодо: Жунушов Бакай - Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы Кичи жана орто бизнести өнуктүрүү программасынын улуттук менеджери

Фотодо: JIA Бизнес Ассоциациянын Ош филиалынын директору - Касымалииев Шерали

Фотодо: Абдыкадыров Нурмухаммед - Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыр-дагы кичи жана орто бизнести өнуктүрүү программасынын Ага аналитиги 

______________________________________________________________________________________________________________________________________

Бизнес-жарманке 3 негизги бөлүктө уюштурулду:

  1. Рассмий бөлүк
  2. Бизнес-ярмарканын диагностика бөлүгү. Консалтингдик компаниялардын, коммерциялык банктардын,  эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын ишкерлерге сунган кызматтары тууралуу консультациялары. Мында ишкерлер өздөрүнө кызыктуу болгон мекемелерден консультация алып, суроолоруна, тиешелүү тармактардагы маселелер боюнча жооп алышты.
  3. Консалтингдик  компапиялардын, комерциялык банктардын, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын презентациясы. Бизнес-жарманкеде тармагында мыкты иш алып барган бизнес –консультанттар, адистер Маркетинг, жашыл экономика, бренд, стратегия, инвестиция, долбоор жазуу ж.б. темалардын үстүндө мастер класстар менен коштолду.

______________________________________________________________________________________________________________________________________

По вопросам сотрудничества:
What'sApp: +996701204000
Instagram: vizitka_kg
facebook: vizitka_kg

ТВОЯ ВИЗИТКА В МИРЕ БИЗНЕСА!