Герой обложки - Козуев Алишер Абибиллаевич

10 February 2021
На обложке
Герой обложки  - Козуев Алишер Абибиллаевич | Vizitka

РОССИЯ-НЕФТЬ: ИЙГИЛИКТИН КҮЧҮ – БИРИМДИКТЕ!

"Россия-Нефть" компаниясы -  Кыргызстандын чекене күйүүчү май рыногунун эң ири жана заманбап операторлорунун бири болуп эсептелинет. Убагында бир гана май куюуучу станциядан иштеп баштаган компания, азыркы учурда 35 АЗС, 2 нефтебаза, 30 бензовоз , 500дөн ашуун адамдарды жумуш менен камсыздайт. "Россия-Нефть" компаниясын түптөп, албан ийгиликтерге жеткирген ага-инилер, дагы деле болсо, бизнесин ирилетип, өлкөбүздүн социалдык маселелерин чечүүдө салым кошконго, жумушчу ордуларын көбөйткөнгө умтулууда.

Бүгүн биздин конокто, так ошол ага-инилер - “Россия Нефть” компаниясынын башкы директору Козуев Алишер Абибиллаевич жана компаниянын өнүктүрүү боюнча директору Козуев Семетей Абибиллаевич.

 

На фото: Козуев Алишер Абибиллаевич 

 

 

Саламатсызбы Алишер Абибиллаевич, сизди Оштун жана бүткүл Кыргызстандын эли ири бизнесмен деп тааный баштады. Бизнеске кадам таштап жатканда, ушул деңгээлге жетем деп ойлойт белеңиз?

 

Саламатсызбы. Ар бир инсан, бала кезинде эле “мен чоңойгондо президент, депутат, бизнесмен, врач же мугалим болом”- деп ниет кылат эмеспи. А мен бала кезимде эле “чоңойгондо бизнесмен болом” – деп ниет кылчумун. Аллахтын көзү түз экен, аракет кылып, мына бүгүнкү күнгө чейин бизнес чөйрөсүндө жүрөм. Бирок, чындыкты айтканда, бизнеске кадам таштап жатып,  азыркы деңгээлге жетем деп ойлогон эмесмин.

 

Сиз бизнеске жаңы кадам таштап жатканда бизнесиңиз кандай абалда эле, жана азыр эмне жетишкендиктерге жеттиңер? Азыркы учурга чейин бизнес чөйрөсүндө кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңар?

 

Мен бизнести бала кезимден эле баштадым десем жаңылышпайм, себеби мектеп учурунда, менимче 9 класста окуганымда эле, эрте менен таң атпай, айылыбыздан шаарга барып, сүт, айран, каймак сатып келчүмүн. Ошондон баштап менде бизнеске кызыгуу башталган. Андан соң, студенттик кездеримде, Оштон Бишкекке чоң бус менен мөмө-жемиш ташып, сатып жүргөн кездерим да болду. Бизнесте кыйынчылыктар сөзсүз болот, мен көп кыйынчылыктарды башымдан өткөрдүм. Мисал кылып айта кетсем, жүк ташуучу унаабыз аварияга учурап, ошондон улам, ташып бараткан мөмө-жемишибиз бузулган учурлар да болуп, чыгаша да болгонбуз.

Кийинчерээк дыйкан чарба менен алектендим, андан соң, күйүүчү май тармагына өтүп, унааларга май ташып, дүң сатып жүрдүм. Бул бизнеске жаңы кадам таштап жаткан кезде жалгыз бир эле май куюуучу станция иштейт болчу. Ал эми азыр, 35 автобаза, 2 нефтебаза, 30 май куюуучу станция салынган жана 500дөн ашык адамдар жумуш менен камсыздалып келе жатат.

 

Бизнести туура жолдо өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керек? Компанияны ийгиликтүү башкаруунун кандайдыр бир сыры болобу? 

 

Бизнести туура жолдо өнүктүрүү үчүн, биринчи иретте, ар бир нерсени өз убагында, так жана жоопкерчиликтүү аткаруу керек. Ал эми компанияны ийгиликтүү башкарууда, менимче, ар бир жетекчинин өзүнүн сыры жана тактикалары бар. Негизинен, ийгиликтүү болуш үчүн, кардарлар, өнөктөштөр жана жумушчулар менен сылык жана аяр мамиледе болуу зарыл. Бул бизнесте эң маанилүү.

 

Жеке өзүңүздүн өмүр баяныңыз жөнүндө айта кетсеңиз.

 

Мен өзүм жөнүндө кыскача айта кетсем, 1984-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл округуна караштуу, Мамажан айылында, мугалимдин үй-бүлөөсүндө туулгам. Атам Козуев Абийбилла жана апам Жутанова Кыздаркан, алгач Т.Бердибеков атындагы №41 орто мектебинде көп жылдар бою мугалим болуп, өз эмгегин мамлекетибизге талыкпастан арнап келишкен. Андан арта, атам айыл өкмөттө иштеп, айыл өкмөт башчысы болуп эмгектенген. Үй-бүлөбүздө төрт бир тууганбыз, эки иним жана карындашым бар. 1990-жылдан 2001-жылга чейин, ата-энем эмгектенген, №41 орто мектебинде билим алганмын. 2001-2006-жылдар арасы Ош Мамлекеттик Университетинин, Дүйнөлүк тилдер факультетинин “Чет тили жана адабияты” адистиги боюнча билим алдым. 2011-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин, “Экономика жана ишканаларды башкаруу” багыты боюнча экономиканын бакалавры даражасын алганмын. Эмгек ишмердигими башкы инженер, андан соң агротехник катары “Самидин” дыйкан чарбасында баштадым. Экономика тармагында бакалавр даражасын алгандан кийин, ошол эле “Самидин” дыйкан чарбасында экономист болуп дайындалдым.

Бизнес чөйрөсүн айтсак, 2011-жылдан тарта күйүүчү жана майлоочу материалдарды  чекене жана дүң сатуу жаатында жеке ишкердик менен алек болдум. 2017-жылы өзүмдүн “Россия-Нефть” атындагы компаниямды негиздеп, бул компанияда бир тууган инилерим менен алгылыктуу иштерди жасап, азыркы убакка чейин өзүм жетектеп келе жатам.

 

Сиз тууралу интернет тармагында маалымат көргөн элем. Өзүңүз чоңоюп өскөн Мамажан айылына жол салып, жана логистикалык борборун куруп ишке ашырган экенсиз, ошол логистикалык борборуңуз тууралу маалымат бере аласызбы?

 

80 жылдык тарыхы бар, өз кичи мекениме (Мамажан айылына) салым кылууну, бала кезимден бери ниет кылып келгем. Азыркы учурда, үй-бүлөбүздүн атынан айылыбыздын жана Аллахтын ыраазычылыгы үчүн, 3 чакырым аралыктагы унаа жолуна асфальт төшөп бердик. Ал эми Кара-Суу районунун айыл чарбасын өнүктүрүү максатында, Мамажан айылында, 2 ГА жер аянтына соода жана логистикалык борбор курдук. Бул логистикалык борбордун алкагында, Кара-Суу районунун жалпы фермерлери, жалгыз гана жергиликтүү рынокторго эмес, эл аралык рынокторго да продукциясын чыгаруу жана сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

 

 

На фото: Козуев Семетей Абибиллаевич 

 

Семетей Абибиллаевич, өзүңүз туралуу тааныштыра кетсеңиз сиздин карьераңыз кантип башталган? Сизди эң биринчиден айыл чарбачылык, дыйканчылык жагынан аябай күчтүү деп уккам, ошол жөнүндө айтып берсеңиз? Айыл чарбачылык канчалык кирещелүү жумуш?  

 

Саламатсызбы, өзүм жөнүндө кыскача айта кетсем 1989-жылы туулгам. “Аганы көрүп иниси өсөт” – демекчи, мен агамды көрүп өстүм, агам мага күч жана дем берет. Карьерамды мектепти бүтүрүп эле айыл чарба багытында баштагам. Башкача айтканда “Самидин” дыйкан чарбасында эмгектенип, комбайн менен көп жылдар бою бир туугандарым менен биргеликте түштүк региондорун кыдырып буудай, арпа жана башка дан өсүмдүктөрүн оруп, элге кызмат өтөп чоңойдук. Азыркы убакка чейин айыл чарба тармагын өзүм карайм, элдин жалпысынан 50 ГА жакын суулуу жерин арендага алып буудай, арпа, кайноолу жана кокон гилас эгип, ошол боюнча атам экообуз алектенип келебиз. Кыргызда жакшы сөз бар “Эл эмгегин жер жебейт” – демекчи, адал мээнет кылып, түшүмүн көрүп келебиз. Жыл сайын кайноолубуз 200 тоннага жакын мөмө берет, ал эми алмабыз 100 тоннага жакын болот, аны башка өлкөлөргө экспорттойбуз.

 

 “Ат – элдин канаты”, дегендей эле айылда жылкылар көп болот эмеспи, сиздердин үй-бүлөөгө тиешелүү канча жылкыңыздар бар? Ошол жылкыларыңыздын ичинен сизге эң жакыны, жакканы кайсынысы? Ал кайсыл, каяктын асыл тукум жылкысынан алынган?

 

Туура айтасыз, Ат – элдин канаты, Ат – бул оомат десем да болот. Биздин үй-бүлөгө тиешелүү 10 дой жылкыбыз бар, баары аламан улакка жарайт, ар биринин өзүнө жараша ысымы да бар. Мисалы мага ГЕНЕРАЛ ысымы бар атым аябай жакын. Кээде жумуштан чарчап барып, атымды минип басып келем, жада калса атым менен сүйлөшөм.

 

Сиздер спортко жакын болгондугуңуздар тууралуу мурунку интервьюларда айткан экенсиздер, мен дагы аябай спортко кызыгам, ошондуктан бул суроону да бергим келди. Кандай спорт түрлөрү менен машыккансыздар жана эң жактырган, эң алгачкы тандаган спортуңуз кайсы жана эмнеге? Азыркы жаш жигиттердин спортко, жасаган жумуштарына, жашоого көз караштары башкача, алардын ийгиликке жетишүүсүнө карата кандай кеңеш бере аласыздар?

 

Спорт – бул ден соолуктун булагы, спорт – бул жашоо, келечек. Биз спортко аябай кызыгабыз, жаш кезибизден машыгып келебиз, көбүнчө күрөш, бокс жана грэпплинг түрлөрү менен. Ал эми өлкөбүздүн сыймыгы болуп эсептелген мыкты спортчуларыбызды колдоо максатында, 2018-жылы Мамажан айылында заманбап талаптарга жооп берген спорт комплексин куруп бердик. Алишер Абибиллаевич, КРнын Ош облусу боюнча Грэпплинг Федерациясынын президенти болгондуктан, спорт тармагын колдоого эбегейсиз салымыбызды кошуп келебиз. 

Жаш жигиттерге калоолорум, кандай кыйынчылыктарды көрбөсө дагы, эң башкысы өмүр жолунда жакшылыктар көп болуп, аларды бийик чокуга жеткирип жөлөк болчу адамдар жанына жолдош болсун, демекчимин. Ар биринин тилектери орундалып, ойлогон максаттарына жетише беришсин. Кыйынчылыктар – бул убактылуу эле нерселер, ошондуктан баш тартпай аракет кыла берсе көпкө жетишсе болот.

 

Ар бир адамга, айрыкча бизнесменге, жылдар бою мотивация болуп, жумушка түрткү берген бир нерсе, же бир адам болот экен. Сиздерге мотивация берген кимдер жана эмнелер болуп эсептелет?  

 

Ар бир ата-эненин милдети өз баласына жакшы тарбия берүү болуп саналат. Бизге дагы ата-энебиз татыктуу тарбия беришкен. Ошондуктан мотивацияны ата-энебиз беришет. Ошко келген сайын эң биринчи ата-энебизден кабар алып, алардын батасын алып, андан соң жумушка барабыз.

 

 

Переход от Семетея обратно к Алишеру – фото или дизайн какой-нибудь.

 

 

Алишер Абибиллаевич, фэйсбук баракчаңызда, жаңылышпасам, сиздин уулуңуз сүрөт тартып «Ийгилик, Ата» деп, киргизип койгон экен. Ошол сүрөт жөнүндө бир аз айтып бересизби?

 

Туура, 2020-жылдын 4-октябрында болуп өткөн парламенттик шайлоого мен да талапкерлигимди койгон элем, ошол кезде балдарым мага ийгилик каалап, сүрөт тартып WhatsApp тармагынан жөнөтүшкөн болчу. Балдарымдын өз колу менен тарткан сүрөтү мага шайлоо учурунда аябай чоң колдоо жана мотивация берип жатты. Ошондуктан, өз фэйсбук баракчама чыгарып койгом.

 

Негизи, үй-бүлөөңүз деле беш балаңыз менен чоң экен деп эсептесек болот. Балдарыңыз кичинекей, жумуш убактыңыз дагы узак болсо керек, үй-бүлөөңүз менен чогуу өткөргөн убакытыңыз аз болуп калса ага түшүнүк менен эле мамилелер болобу, айрыкча кичинекей балдардын көңүлүн алып коюш оңой элеби? Алар менен кандай маек куруп түшүндүрө аласыз?

 

Туура айтасыз, жумушум көп жана оор болгондуктан үй-бүлөмө көп убакыт бөлө албайм, ошондуктан дем алыш күндөрү үйдө болууга аракет кылам. Себеби, балдарың менен маектешип, алар менен сүйлөшкөнгө эмне жетсин. Аларга туура тарбия берүү, акыл насаат айтуу ата-эненин милдети. Албетте аларга туура сөздөр менен маек куруп, башынан эле жумуштун маанилүүлүгүн жакшылап түшүндүргөндүгүмө байланыштуу, таарынычы жок жакшы эле кабыл алышат.

 

Компаниянын стратегиясында, дагы кандай пландарыңыз бар? Мисалы, ошол эле келе жаткан жаңы 2021-чи жылына карата, кайсы пландарыңызды ачык айтууга мүмкүнчүлүгүңүз бар?  

 

Буйруса 2021-жылга дагы чоң пландарыбыз бар. Мисалга келтирсек, Мамажан айылынын кире беришинде эски пахта заводту сатып алганбыз, ошол жерге мини завод куруп, өндүрүшкө көңүл бурсак деген ниетибиз бар. Өндүрүш – бул өлкөбүздүн өнүгүүсүнө эбегейсиз салым, көптөгөн адамдар жумуш орун менен камсыз болот жана өлкөбүздүн экспорт жаатында да мүмкүнчүлүктөрү пайда болот.

 

Биздин “Vizitka KG” журналга жана биздин көптөгөн окурмандарга кандай калоо -тилектерди айта кетесиздер?

 

“Vizitka KG” журналынын жамаатына жана көптөгөн окурмандарга, иштерине ийгиликтерди, бакубат жашоону, аманчылыкты жана тынчылыкты каалоо менен, журналыңыздар мындан ары да өнүгүп, окурмандардын саны көбөюп, өлкөбүздүн эң алдыңкы, көп окурмандарды багындырган журналдардын бири болуусун каалайбыз! Рахмат.

По вопросам сотрудничества:
What'sApp: +996701204000
Instagram: vizitka_kg
facebook: vizitka_kg

ТВОЯ ВИЗИТКА В МИРЕ БИЗНЕСА!