Феруза Ашимбаева – телеалыпбаруучу

Мен бул иштен чарчабайм, тескерисинче ырахат алам.

Менин жолумду жолдогон инсандарга, чын дилим менен жардам берип, туура жолду тандагандыгын айтып келем.

Журналист, бул эл менен бийликти байланыштырып турган көпүрө.

20 March 2020
Личность
Феруза Ашимбаева – телеалыпбаруучу | Vizitka

Өзүңүз жөнүндө айтып берсениз? Азыркы учурда эмне менен алексиз?

Албетте, бирөөгө өзүм жөнүндө айтып берүү мен үчүн чоң жетишкендик. Учурда мен көп

жумуштар менен алекмин. Өзүм теле тармагында иштегендиктен бассам-турсам ойлонуп,

жаңы идеяларды жаратууга аракет кылып жатам. Жуманын эки күнү түз эфир

болгондуктан эфирге коомдо болуп жаткан актуалдуу жана көйгөйлүү темаларды көтөрүп

чыгып, темага байланыштуу конокторду чакырып түз эфирде сүйлөшүп, аны чечүүнүн

жолун тапканга аракет кылабыз. Ар жумада “Эл айтсын” деген ток-шоу бар. Бул дагы чоң

жоопкерчиликтүү программа. 20-30 адамды чакырып, алар менен бирге көтөрүп чыккан

бир теманы талкуу кылабыз. Ошол 20-30 адамдын ар бирине чалып сүйлөшүп, теманы

айтып, программанын жүрүшүн түшүндүргөнчө эле бир топ убакыт кетет. Программа боло

турган күнү да ар бири менен байланышып, эскертип чыгам. Мен бул иштен чарчабайм,

тескерисинче ырахат алам. Бирок чоң жоопкерчилик экендигин эстеп, өзүмө күч топтойм.

Өзүнүздөр билгендей, “Өндүрүш” деген да программаны жасайм. Бул да ар жумада кетет.

Программанын негизги максаты өндүрүштү колдоо иретинде болгондуктан, биз жеке

ишкерлер менен байланышып, алардын ишин акысыз чагылдырып беребиз. Бул албетте

ишкерлер үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Негизи журналисттик тармактагы жасап, адатка айланып

калган жумуштарым ушулар. Ал эми дагы бир өзүм үчүн чоң жаңылык десем да болот.

Саясатка аттанып жатам. Журналистка тармагында эл арасында көрүп, билип жүргөн

көйгөйлөрдү саясатка жакындап, аларды чечип берүүгө жардам көрсөтүү үчүн Ош

шаардык кеңешинин кезектеги шайлоосуна талапкер болуп жатам. Буюрса эл өкүлү болуп

калсам, пландар көп. Кайсы партиядан экендигим азырынча жашыруун болуп турсун.

 Бирок мен кирген партияда ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү адамдар бар деп

 

мактанып айтып кете алам. Шаарда аябагандай көйгөйлөр көп. Аялдар арасында да

чечилбеген маселелер толтура. Мындан улам өзүм, журналист,аял, эне болуп туруп

аялдардын көйгөйүн жон терим менен сезип тургандыктан, аз да болсо топтогон

тажрыйбамды бөлүшүп, күчүмдү элим үчүн жумшайын деп тилек кылып жатам. Азырынча

кыскаарак жооп берип турайын. Дагы кененирээк айтып бергенге аракет кылам буюрса.

 

Эмне үчүн сиз бул кесипти тандадыңыз? Сизди өзүңүздүн кесибиңиз канааттандырабы?

Мен бул кесип менен биринчи курстан баштап эле алектенем. Анда “Мезон” ТВ деген

телеканал бар болчу. Телеканалда алып баруучулука кастинг болгон. Мен өзүмдү сынап

көрүү үчүн катышып калып, кастингтен өтүп кеткенмин. Ал каналда үч жыл иштедим.

Андан соң “ЭлТР” КТРК сында иштедим. Азыр эми “ОшТВ” теле каналында иштеп жатам.

Албетте кесибим менен канааттанам. Адистигим экономист болсо да, мен өзүм журналист

экендигиме сыймыктанам.

 

 Маалымат баракчаларында жазылышы боюнча, журналистика кесиби жоголуп бара жаткан кесиптердин катарына кирет экен. Сиз бул боюнча эмне деп ойлойсуз?

Мен андай ойго такыр кошулбайм. Журналист, бул эл менен бийликти байланыштырып

турган көпүрө. Бул кесип бизге чейин да бар болчу. Дагы да боло берет деп ишендирип

айта алам. Тескерисинче журналистка кесиби өнүгүп, барган сайын кызыгуу күч десем

болот.

 

Сиздин жолуңузду жолдогон инсандарга кандай кеңешинизди бере аласыз?

Менин жолумду жолдогон инсандарга, чын дилим менен жардам берип, туура жолду

тандагандыгын айтып келем. Анткени бир адамдын көйгөйү менен жашап, ошол көйгөйдү

коомчулука алып чыгып, сен көтөрүп чыккан көйгөй тиешелүү адамдарга жетип, оң

тарабына чечилип калса, бул журналисттер үчүн чоң жетишкендик. Демек мен бул

жашоого жөн эле келген жокмун. Кимдир бирөөгө жардамым тийип жатат деп сүйүнөм.

 

Өзүңүздүн эң чоң жетишүүңүз жөнүндө айтып бере аласызбы?

Менин ишим көпчүлүк бөлүгү түз эфирде коноктор менен болгондуктан, алар менен

маектешкенде көп кызыктар болот. Эфирге чыкканыма он жылдай болсо да, ар бир

эфирге толкундануу менен чыгам. Бирок сөзсүз бир кызык менен бүтөт. Кыш мезгилинде

коноктордун көбү ооруп калат. Түз эфирде жөтөлүп, чүчкүрүп калат. Алар жөтөлүп

бүткөнчө бере турган суроомду айлантып, узаак берем. Жарнама убакта сүйлөшүп, күлүп

жаткан учурда эфирге чыгып кеткен учурлар көп кездешет. Алгачкы жолу 20 жашымда

чыкканмын. Ошол кезде көп кызыктар болот эле. Оштун мурдагы мэри Мелис

Мырзакматов менен чыкканда, ал киши эч кимден сүрдөп тердеген эмес элем, кичине кыз

мени сүрдөттү, тердеп кеттим деп айтканда мен ишенип алып, Мырзакматов менден

сүрдөдү деп ар кимге мактанып айтканмын.))) Жаш болчумун да.

 

Өзүңүздүн эң чоң жетишүүңүз жөнүндө айтып бере аласызбы?

Менин бул жашоодо жетишкендигим деп, үй- бүлөмдү айтат элем. Өзүм кичине кезде

кандай адамды кыялдансам, ошондой адамга турмушка чыктым. Айтмакчы кыздарга

кеңешим, кандай тиленсе кудай ошондой адамды буюруп кое тургандыгын ишендирип

эскертип кетейин)). Андыктан кандай адамды кааласа тилене беришсин. Дагы

жетишкендигим деп кыздарымды айтам. Аял болуп эне эмне экендигин сезип жатам.

Кыздарымдын ар бир жетишкендиги, мен үчүн чоң сыймык. Кыздарым азырынча балдар

бакчасына барат. Бирок баланын ийгилиги ошол кезден башталат экен. Азыр кыздарым

бийлеп, ырларды айтып калса кубанып, кудайга шугур келтирем. Эми аял затына үй- бүлө

анан алаксый турган жумушу болсо эле ошол жетишкендик да.

 

Жашооңузда эмне менен сыймыктанасыз?

Жашоомдо эл арасында аз да болсо кадырым бар экендигине, кудайым ден- соолугумду

чың, алты санымды аман жараткандыгына сыймыктанам.

 

Биздин окурмандарга эмнелерди каалап кете аласыз?

Албетте, эң алгач сиздерин журналга ийгилик каалайм. Сиздердин журналды күтүп окуган,

окурмандарыңыздардын катарына кирем. Дагы да окурмандардын саны өссүн деп тилеп

кетейин. Ал эми окурмандарга кааларым, эч качан оорушпасын, кудайым баарыбызга

буюрган жарыкчылык жашоодо жамандык көрүшпөсүн демекчимин. Жаз мезгили да

келип калды. Баарыбыздын бири- бирибизге болгон мамиле жаз мезгилиндегидей жылуу

гана болсун деп айтып кетмекчимин.

По вопросам сотрудничества:
What'sApp: +996701204000
Instagram: vizitka_kg
facebook: vizitka_kg

ТВОЯ ВИЗИТКА В МИРЕ БИЗНЕСА!