Региондордогу бизнес-консультант түшүнүгүн калыптанышына ИКБнын орду чоң

09 June 2023
Бизнес-консультант
Региондордогу бизнес-консультант түшүнүгүн калыптанышына ИКБнын орду чоң | Vizitka

Ишкердикти колдоо борбору (ИКБ) алгачкы жолу Ош шаарында  2017-жылдын 27-декабрында ишкерлерди маалыматтык жана консультациялык колдоо, сапаттуу бизнес демилгелерди калыптандыруу, даярдоо жана илгерилетүү максатында түзүлгөн.

Акыркы 6 жыл аралыгында  ИКБ өлкөнүн башка аймактарына да кулачын жайып, учурда Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл жана Ош облустарында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү максатында кызмат көрсөтүп жатат.  

Ишкердикти колдоо борборунун (ИКБ) негизги максаты чакан жана орто бизнеске маалыматтык, консультациялык кеңеш берүү аркылуу экономиканын өнүгүшүнө салым кошуу. Өлкөдөгү жумушсуздук көйгөйүн чечүүгө жана жакырчылык менен күрөшүүгө ишкердик коому менен чогуу күрөшүүнү максат кылат.

ИКБнын командасы:

  • Менеджер-консультант
  • Бизнес-консультант
  • Юрист-консультант
  • Финансы багытында консультант
  • Пиар-консультант

ИКБнын жетишкендиктери:

  • Учурда борбор 5 региондо толук кандуу кызмат көрсөтүүдө
  • 6 жыл аралыгында 13 868ден ашуун чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө консультация көрсөтүлдү
  • ИКБ 160тан ашуун ишкердин грант алуусуна көмөктөштү
  • ИКБ консультанттары тарабынан жер-жерлерде 250дөн ашуун семинар-тренинг өткөрүлдү.

ИКБ айым ишкерлерди колдойт

Ишкердикти колдоо борбору өлкөдө айым ишкерлердин өсүүсү үчүн салым кошот. Алсак кардарлардын 43,58 %ы айым ишкерлер түзөт. Ошондой эле консультациянын 41,26 %ы айым ишкерлерге берилген. Андан сырткары борбордун алкагында өткөн жылы  Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин  колдоосу менен “Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунун айымдарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында 34 айым ишкерге 135 миң сомго чейин материалдик колдоо алышты. Ишин ийгиликтуу алып кетуудо. Айымдар туризм, онор жай, текстиль. 2020-2021- Баткенде айым ишкерлерди колдоду 30 ашуу айым ишкерлерди колдоду. 2023-жылга каратаТалас жана Жалал-Абадда дагы болот.

 ИКБнын жумуш ордун түзүүгө таасири.

Ишкердикти колдоо борборунун (ИКБ) консультациясынын түз жана кыйыр түрдөгү таасири аркылуу өлкөбүздө жумушсуздукка да таасири тийип келет. Алсак 2022-жылга карата ИКБ  483 жумуш ордун түзүүгө салым кошулду.

Шерали Касималиев, Ишкердикти колдоо борборунун Оштогу координатору жана Бизнес Ассоциациянын Оштогу JIA филиалынын директору:

“ИКБнын региондордо бизнес-консультант түшүнүгүн, жалпы эле бизнес-консультация маданиятынын калыптанышына таасири чоң. Борбор түптөлгөн күндөн баштап бүгүнкү күнгө чейинки тарыхты карап көрсөк ИКБ ишкерлер консультацияга муктаж болуп бирок аны өздөрү билбеген эң туура убакытта түптөлүп бүгүнкү күнгө жетип келди. Учурда борборубуздун бизнес, финансы, юрист жана пиар-консультанттары ишкерлерге маалыматтык эле консультация менен чектелбестен  жалпы эле бизнес процесстерин жакшыртууга катышып, акселерациялык окутуулар, корпоративдик окутуу жана башкаруу, эффективдүүлүктү жакшыртууда максатында окутуулар, алдыга жылдыруу (сопровождение)  менен коштолууда. Бул региондордогу ишкерлердин бизнес-консультация алуудагы жаңы баскычка чыкканын жана ага ИКБнын салымы зор экенин ишеним менен айта алабыз. Биз ар бир ишкерди бизнес-консультация алууга жана тыгыз кызматташууга чакырабыз.”

 

По вопросам сотрудничества:
What'sApp: +996701204000
Instagram: vizitka_kg
facebook: vizitka_kg

ТВОЯ ВИЗИТКА В МИРЕ БИЗНЕСА!